Бугу айынын 29да
баштала турган Астана эл аралык форумунун алкагында климат сессия өтөт. Ага
дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн алдыңкы серепчилер, ошондой эле бир катар өлкөлөрдөн
өкмөттөрдүн, бизнес-коомчулуктардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, илимий
топтордун өкүлдөрү катышат. Негизги максат – бүгүнкү климаттык кырдаалга
байланыштуу маселелерди талкуулоо жана туруктуу келечек үчүн натыйжалуу
чечимдерди иштеп чыгуу. Жыйында республиканын экологиялык демилгелери сунушталат.
Казакстандын Экология министрлиги билдиргендей, өзгөчө көңүл «жашыл»
энергетиканы өнүктүрүүгө, аны каржылоого, көмүртектин нейтралдуулугуна
жетишүүгө бурулат. Бүгүнкү күндө өлкөдө бардык энергиянын 6 пайызы кайра жанма булактардын
эсебинен өндүрүлөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 15 пайызга жеткирүү көздөлүп
жатат.
Нурман Таңатов,
Экология жана табигый ресурстар министрлигинин башкарма жетекчиси:
- Көптөгөн өлкөлөр
көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү стратегиясын, анын ичинде Казакстанды да
бекитти. Казакстан 2060-жылга чейин бул этапка жетүүнү көздөп жатат. Өнүгүп
келе жаткан өлкөлөр үчүн казылып алынган отун жана көмүр суутектерден баш
тартуу кыйын. Ошондуктан азыр жашыл экономиканы өнүктүрүүгө артыкчылык берилет.
Бул форум жалпы макулдашууга, ошондой эле жашыл экономиканы каржылоого жана
жалпы демилгелерди сунуштоого жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

