Казакстан менен Оруссиянын президенттеринин телефондо сүйлөшүүсү болуп өттү

Казакстан менен Оруссиянын президенттеринин телефондо сүйлөшүүсү болуп өттү

Казакстандын президенти орусиялык лидер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечегин талкуулап, анын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык ыргагында өнүгүп жатканын белгилешти. Лидерлер соода, энергетика, өнөр жай жана транспорт тармактарындагы келишимдердин аткарылышын да карап чыгышты. Касым-Жомарт Токаевдин Орусияга болгон мамлекеттик сапарына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков