Сагадат Нурмагамбетовдун 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Эгемен Казакстандын Куралдуу күчтөрүн түптөгөн таланттуу командир, Сагадат Нурмагамбетов күч-кубатын, баатырдык жана патриоттуулук касиеттерин урпакка жеткире алды. Астанада Советтер союзунун баатыры, өлкөнүн биринчи коргоо министри, эл баатырынын туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Куралдуу Күч ардагерлеринин, офицерлердин, кадеттер жана аскердик окуу жайлардын курсанттары топтолгон жыйында баатырдын өмүр жолу талкууланды. Катышуучулардын айтымында, Сагадат Нурмагамбетовдун басып өткөн жолу дагы эле толук изилдене элек. Ошондуктан бул багыттагы иштерди улантуу керек деп эсептешет. 

Лира Нурмагамбетова, Сагадат Нурмагамбетовдун небереси: 

- Ал абдан ар тараптуу жана зирек адам болгон. Тарых, география, деги эле эмнени сурасаңар баарын билчү. Ал 85-90 жашка чыкканда да эч нерсени унуткан эмес. Мен таң калчумун. Биз үчүн ал чоң үлгү азамат болду. 

Абай Тасболатов, генерал-лейтенант: 

- Куралдуу күчтөрдүн ыдырап, чачырап кетпей кармалып турганы Сагадат агабыздын аркасы менен экенине көзүбүз жетти. Кыйын мезгилде ошол адамдын бар болгону кандай сонун. Мындай караганда кыйын кездерге да карабай окуу машыгуу жүрүп жатты. Мына ушундай болгон. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков