Эл аралык байкоочулар: Референдум ачык-айкын өттү

Казакстанда АЭС куруу маселеси боюнча Референдум ачык-айкын өттү. Казакстандыктар, өзгөчө жаш электораттын өкүлдөрү добуш берүүдө жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү. Бул тууралуу Эл аралык байкоочуларга көмөк көрсөтүү борборундагы пресс-конференциянын жүрүшүндө Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин миссиясынын мүчөлөрү билдиришти. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, добуш берүүнүн транспаренттүүлүгү камсыздалып, коомдук уюмдардын, эл аралык байкоочулардын пикирлери тоскоолдуксуз баяндалып турду. Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарында референдум процессин ыкчам жана кеңири чагылдыруунун аркасында казакстандыктар аны өткөрүү боюнча толук маалымат алышты. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысынын пикиринде, добуш берүүчүлөрдүн укуктары толугу менен сакталды. Сади Джафаров референдум Казакстандын улуттук мыйзамдарына ылайык жана эл аралык деңгээлде таанылган стандарттардын алкагында өткөнүн баса белгиледи.

Султан Амирханов, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңеши секретариатынын юридикалык кеңешчиси:

– Казакстан Республикасы үчүн эң маанилүү болгон энергетикалык, экологиялык маселелерди чечүү үчүн коомчулукту тартуу боюнча өлкөнүн ыкмалары таасирленүүдө. Өткөрүлгөн инфратүзүмдүк жана маалыматтык даярдыктар - бул жаңылык басылмалардан баштап, жарандарды референдум тууралуу кабардар кылган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле инфратүзүмдүк даярдык, анын ичинде Астана шаарындагы баннерлер, референдум тууралуу маалымат берген автобустардагы чаптамаларды өзгөчө белгилөөгө болот.

Сади Джафаров, ТМУ байкоочулар миссиясынын башчысы:

– Биз Казакстанда бул стратегиялык маселе боюнча референдум өткөрүү процессин позитивдүү баалайбыз. Биздин байкоочулар миссиясы, негизинен Астана шаарындагы байкоочуларбыз 24 участокто болдук. Жалпысынан алганда, жараян ачык-айкын өттү. Биздин миссиясынын алкагында бардык зарыл болгон маалыматтар участоктордо жеткиликтүү болду жана эч кандай мыйзамсыз актылар катталган жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков