Темир жол тармагын өнүктүрүүгө басым жасоо. Казакстан
транспорттук инфраструктураны масштабдуу модернизациялоону улантууда. Жакынкы
үч жылда өлкөдө 1 300 чакырымдан ашык жаңы
темир жол тилкелерин куруу жана миң чакырымга жакын
учурдагы жолдорду модернизациялоо пландалууда. Бул долбоорлор магистралдардын
өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана
республиканын транзиттик дараметин бекемдөөгө
мүмкүндүк берет. Быйыл «Дарбаза – Мактаарал» жана «Мойынты – Кызылжар» жолдорун
бүткөрүү пландалууда. Бул багыттар боюнча кыймыл жетинин айында башталат, бул 2026-жылга чейин транзиттик
ташуулардын көлөмүн 55 миллион тоннага чейин өстүрүүнү камсыз кылат. Өкмөттө
темир жол тармагын модернизациялоо маселелери каралды. Анда белгилүү болгондой – өлкөнүн өнөр жай ишканаларына
жана кендерине кошумча жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган жаңы каттамдарды
түзүү пландалууда. Транспорттук тармакты өнүктүрүү аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү
ачат, жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатат жана Казакстандын Евразиянын
негизги транзиттик хабы катары позициясын бекемдейт.
Нурлан Сауранбаев, транспорт
министри:
– Өлкөнүн жалпы жүк жеткирүүлөрүнүн
57% темир жол транспортуна туура келет. Мындан тышкары, темир жол тармагы
транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн үчтөн бирин камсыз кылат.
Транзит темир жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп
саналат. Акыркы беш жылда транзиттик ташуулардын көлөмү 20 миллиондон 33
миллион тоннага чейин өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 67
миллион тоннага, ал эми 2040-жылга чейин 100 миллион тоннага чейин көбөйтүү
пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

