Ерлан Кошанов – Парламент мажилисинин төрагасы

Ерлан Кошанов – Парламент мажилисинин төрагасы

Ерлан Кошанов Парламент Мажилисинин төрагасы болуп дайындалды. Пленардык жыйында анын талапкерлигин депутат Ерлан Саиров тааныштырды. Шайлоо бюллетендерин колдонуу менен жашыруун добуш берүү өттү. Белгилей кетсек, бул процедураны өткөрүү үчүн атайын эсептөө комиссиясы түзүлүп, кабиналар, урналар орнотулган. Ерлан Кошанов президенттик аппаратты 2019-жылдан бери жетектеп келген. Ал буга чейин Караганды облусунун акими, премьер-министрдин аппаратынын жана жарандык авиация комитетинин башчысы болуп да иштеген.

Ерлан Кошанов, Казакстандын Парламент Мажилисинин төрагасы:

- Өмүрүмдүн бир топ убакыты ушул парламентте өттү. Сиздердин ишенимиңиздердин аркасында бул ардактуу ишти бирге улантабыз деп ишенем. Албетте, Мажилиске төрагалык кылуу өзгөчө сыймык. Бул Казакстан элинин жана Мамлекет башчысынын алдындагы чоң жоопкерчилик.

Айта кетсек, буга чейин депутаттар экс-спикер Нурлан Нигматулинди Мажилистин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетүү боюнча токтом долбоорун бир добуштан колдоп беришкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков