Казакстан менен АКШ кызматташтыкты чыңдоодо

Казакстан менен АКШ кызматташтыкты чыңдоодо

Казакстандын Президенти АКШ Конгрессинин сенаторун кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев менен Стив Дэйнс өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын туруктуу өсүшүн талкуулашты. Мамлекет башчысы G20 саммитине катышуу үчүн АКШга боло турган сапарынын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Саммит жылдын аягында Майами шаарында өтөт. Стив Дэйнс Касым-Жомарт Токаевге АКШнын Президенти Дональд Трамптын жылуу каалоо-тилектерин жана колдоо сөздөрүн жеткирип, мамлекет башчынын казак-америкалык мамилелерди өнүктүрүүгө берилгендигин белгиледи. Сенатордун айтымында, Казакстандын Конституциясында бекемделген принциптер жана баалуулуктар өлкөнү күчтүү жана өнүккөн мамлекет катары мындан ары модернизациялоо үчүн бекем негиз түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков