Казакстан эл
аралык интернет трафигинин транзитин көбөйтүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө өлкөнүн
бул процесстеги үлүшү болжол менен бир жарым пайызды түзөт. 2027-жылга чейин
аны 5% жеткирүү пландалууда. Бул үчүн республикада масштабдуу инфраструктуралык
долбоорлор ишке ашырылууда. Алар эл аралык түйүндөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн
жарымынан ашык көбөйтүүгө багытталган. Долбоорлордун арасында Каспий деңизинин
түбү боюнча оптикалык-була желесин куруу жана узундугу төрт миң чакырымдан ашык
болгон "Батыш–Чыгыш" гипермагистралы бар. Санариптик экосистеманын эң
маанилүү бөлүгү - маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору. Азыр өлкөдө эки
мамлекеттик жана 14 аймактык борбор бар. 5 жылдан кийин алардын саны 9га
көбөйөт. Мындан тышкары, спутниктик технологияларды киргизүүнүн аркасында
Казакстан спутниктик байланыштын санариптик хабына айланды. Жакынкы эки жылда
спутниктик интернет калкы аз беш жүздөн ашык айылда пайда болот. Андан тышкары,
2026-жылы Direct-to-Cell кызматын ишке киргизүү пландаштырылууда,
ал өлкөнүн бүткүл аймагын, анын ичинде алыскы аймактарды да мобилдик байланыш
менен камсыз кылат. Белгилей кетсек, үч жылдын ичинде телекоммуникация жана
байланыш тармагына бир триллион теңгеден ашык инвестиция салынды.
Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин орун
басары, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри:
- Ушул жылы интернет трафигин колдонуунун
олуттуу өсүшү байкалууда. Анын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге
көбөйөт деп күтүлүүдө. Жалпысынан алганда, тармактын өнүгүшү 2024–2027-жылдарга
карата «Жеткиликтүү
интернет» улуттук
долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. 2027-жылдын аягына чейин калктын 100%
интернетин камсыз кылуу пландаштырылууда. Интернеттин ылдамдыгы секундасына 100
мегабиттен ашат, ал эми оптикалык байланыш линиялары элеттеги калктуу
конуштардын 90% чейин жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

