Алматы шаарындагы Шанхай Кызматташтык Уюму өлкөлөрүнүн жыйынынын негизги максаты - спорт менен туризмдин дараметин өнүктүрүү. Казакстандын демилгеси менен уюмдун 2024-2025-жылдарга туризм тармагындагы биргелешкен планы иштелип чыгып, кабыл алынган. Анда 20-га жакын иш-чара камтылган. Документте инфраструктураны жакшыртуу, туристтик суроо-талапты стимулдаштыруу, саякатчыларды тейлөөнү жакшыртуу жана аймактагы туристтик багыттарды алдыга жылдыруу боюнча чаралар каралган. Ошондой эле ар бир өлкө уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды сунуштоо менен өз салымдарын кошот.
Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:
-Биздин министрликтин алдында Эл аралык туризм жана меймандостук университети иштейт. Ал Түрк дүйнөсүнүн руханий туристтик борбору болгон Түркестан шаарында жайгашкан. Алдыдагы академиялык жылында биз ар бир өлкөдөн 2-ден өкүлдүн демилгесин артыкчылыктуу түрдө кабыл алууга даярбыз. Биздин демилге эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенем. Кошумчалай кетсек, ШКУ-нун алкагында уюмдун туризм жана маданий борбор долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алматы бул макамды кийинки шаарга берүүгө даяр. Биз өз тарапыбыздан КЭРдагы Циндао шаарынын ШКУнун туризм жана маданий борбору катары талапкерлигин колдоого даярбыз.
Ермек Маржикпаев өз
сөзүндө спорт тармагы ШКУ-нун алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:
-Бүгүн, бул жолугушуунун жүрүшүндө биз өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө, дене тарбия жана спорт тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча өз пикирибизди айтууга өзгөчө мүмкүнчүлүк алдык. Биз биргелешип, спорттун күн тартибин уюм ичинде гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде калыптандыра алабыз.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында спортту жандандыруу - бул маданий алмашуу, жогорку жетишкендиктерге ээ болгон спорттун түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, мамлекеттердин жергиликтүү жана улуттук спорт түрлөрүн өркүндөтүү үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк. Мындай пикирин Иран Ислам Республикасынын спорт жана жаштар министри Киюмарс Хашеми билдирди.
Киюмарс Хашеми, Иран Ислам Республикасынын Спорт жана жаштар министри:
-Казакстандын спорт жана туризм министри Ермек Маржыкпаев менен абдан жакшы жолугуп, Иран менен Казакстандын биргелешкен кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул өңүттөн алганда, Казакстандын спорттук мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде гольф, ат минүү, бокс жана велоспортту Иранда өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн колдонобуз. Ал эми Иран өз кезегинде казак тарапка күрөш, таэквондо жана каратэ сыяктуу тармактарда жардам көрсөтөт. Кошумчалай кетсек, Иран Казакстанда өтө турган «Көчмөндөр оюндары» фестивалына 6 дисциплина боюнча катышат. Ирандын велоспорт командалары Казакстан лигасына катышат. Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги бул өлкөдө Зорхане ишке ашырууну мерчемдеп жатат. Биз дагы бул маселени көтөрүп, колдоо көрсөтүү чечим кабыл алдык. Жалпысынан Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында спортту жандандырууда маданий алмашуу, жогорку жетишкендиктерин өнүктүрүү жана жайылтуу. Мамлекеттердин жергиликтүү жана улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз. Ошондой эле бизде узак мөөнөттүү жана аны өнүктүрүүнүн тийиштүү программалары бар. Бул жыйында уюмга мүчө мамлекеттер арасында футзал оюндарын өткөрүүнү жана 2026-жылдагы министрлердин жыйынынын күн тартибине киргизилген спорт министрлеринин жыйынын өткөрүүнү сунуштаганбыз. Мен Казакстандын эң сонун меймандостугу үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул жолугушууга даярдалган программа бардык катышуучулардын пикирлерин эске алуу менен пландаштырылган. Бул ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызматташтыгынын жакшы башталышы.
Казакстан уюмга кирген дээрлик бардык өлкөлөр менен визасыз режим орноткон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстанга
келген чет элдик туристтердин 62 пайызы Шанхай кызматташтык уюмунун жарандары. Жыйындын жүрүшүндө Туризм
жана спорт министри Ермек Маржыкпаев Кытайдын, Ирандын жана Орусиянын тиешелүү мекемелеринин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Оруиянын
спорт министри Михаил Дегтярев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында спорт илимин өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. КЭРдагы кесиптеши Гао Джидан менен кызматташуу жана 2025-жылкы
Кышкы Азия оюндарына катышуу маселеси талкууланды. Алматыда өткөн уюмдун жыйынынын жыйынтыктоочу документи 2024-2025-жылдарга туризм боюнча биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюу болуп саналат.
Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:
-Учурдан пайдаланып, ушул
жылдын аяк оона айынын 8-13-аралыгында биздин өлкөдө бешинчи Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндары өтөөрүн айткым келет. Ал борбор калаада 100 миңден
ашуун саякатчыларды чогулткан ири туристтик иш-чара болуп саналат. Сиздерди
борбор шаарыбыз Астанада уникалдуу долбоордун ишке ашырылышын өз көзүңүз менен
көрүп, чоң таасир алууга чакырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков