Алматыда жоогазын фестивалы өттү

Алматыда жоогазын фестивалы өттү

«Жаздын көркү – жоогазын». Алматыда дал ушундай аталыштагы салттуу жоогазын фестивалы өттү. Мында кызыл, кызгылт, ачык сары жана агыш гүлдөр, ошондой эле, башка түрдүү гүлдөр тааныштырылды. Иш-чарага 2 миңдей окуучу конок болуп келди. Максат - жаш муундун айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон сүйүүсүн калыптандыруу. Маселен, окуучулар сарайынын экологиялык бөлүмү жасаган коллекциялык участкасында жоогазындын 30 түрү гүлдөгөн. Алардын арасында сейрек жана өтө баалуу - Грейг, лемерс жана Альберт түрлөрү да бар.

 

Индира Куралбаева, Окуучулар сарайынын экологиялык-биологиялык бөлүмүнүн кызматкери:

- Биз 20 миң жоогазын көчөтүн отургуздук. Алардын арасында маданий жана жапайы түрлөрү бар. Мисалы, Альберт сорту биздин сыймыгыбыз.

 

Казакстандык окумуштуулардын айтымында, жоогазын өлкөнүн аймагында мындан 10 миллион жыл мурун пайда болгон. Ошондуктан бул гүлдүн мекени Казакстан деп айтууга толук негиз бар. Мындай фестивалдар өлкөдө жазында жоогазын гүлдөгөн маалда өткөрүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков