Казакстандын президенти мунай-газ тармагын өнүктүрүүнүн багыттарын белгиледи

Казакстандын президенти мунай-газ тармагын өнүктүрүүнүн багыттарын белгиледи

Казакстандын президенти «Лукойл» компаниясынын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарага катышты. Бул убакыт аралыгында компания республиканын мунай-газ тармагына 12 миллиард доллардан ашык инвестиция салып, 100 миллион тоннага жакын мунай жана 60 миллиард кубометр газ өндүрдү. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, «Лукойл» Казакстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө салым кошуп, экономикалык дараметти жогорулатууга көмөктөшүүдө. Компаниянын катышуусу менен Теңиз кенинде дүйнөлүк мунай-газ тармагындагы эң ири долбоорлордун бири болгон Келечекти кеңейтүү долбоору ийгиликтүү аяктады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- «Лукойл» «КазМунайГаз» менен биргелешип Каспий шельфинде «Каламкас-деңиз» жана «Хазар» келечектүү долбоорлорун ишке ашырууга киришти. Бул стратегиялык долбоорлор. Бул кендерди өздөштүрүү үчүн алты миллиард доллардан ашык түз инвестиция салуу жана эки миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда. Долбоорлордун казакстандык мазмунун жогорулатуунун алкагында деңиз мунай платформаларын өндүрүүдө Маңгыстау облусундагы кеме куруучу жайлар тартылат. Компания Карачаганак кенинде жемиштүү ишин улантууда.

Компания ошондой эле Каспий куур консорциумунун өнүгүшүнө катышат. Белгилей кетсек, бул маршрут боюнча казакстандык мунай чет өлкөгө экспорттолот. Мамлекет башчысы кызматташуунун маанилүү этабы катары мындан 6 жыл мурда Алматы облусунда майлоочу май заводунун ишке киришин атады. Анын айтымында, бул Казакстандагы эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген өнүмдү чыгарган биринчи ишкана. Президент бүгүнкү күндө мунай-газ тармагынын алдында дагы эле чоң милдеттер турганын, анын ичинде кендерди андан ары өздөштүрүү керектигин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Өзгөчө маанилүү мааниге масштабдуу геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, чийки затты терең иштетүү боюнча долбоорлорду ишке киргизүү, санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү, албетте, адамдарга, социалдык чөйрөгө инвестиция салуу иштери ээ болду. «Лукойл» компаниясы көрсөтүлгөн артыкчылыктарды толук колдойт деп ишенем жана келечекте биз стратегиялык кызматташтыгыбызды өнүктүрүүдө жаңы ийгиликтерге жетишебиз.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын энергетикалык дараметин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн көрүнүктүү ишкер жана коомдук ишмер Вагит Алекперовду I даражадагы «Барыс» ордени менен сыйлады. Ошондой эле Казакстанда иштеген «Лукойл» компаниясынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга татыды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков