Казакстандын президенти Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды

Казакстандын президенти Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын кабыл алды

Казакстандын президенти бүгүн Орусия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новакты кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну мындан ары бекемдөө, ошондой эле энергетика тармагындагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Казакстан менен Орусиянын мамлекеттер аралык мамилелери достук, коңшулук жана союздаштык духунда абдан динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгиледи. Александр Новак Касым-Жомарт Токаевге Орусия Президентинин саламын жолдоп, өлкөлөр ортосундагы диалогдун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков