Астана клубунун VII отуруму өтүүдө

Астана клубунун VII отуруму өтүүдө

Казакстандын борбору дүйнөлүк геосаясий абалды турукташтыруу жаатындагы кезектеги маанилүү кеңеш аянтчасына айланды. «Тынчтыктын жаңы формуласы: трансформация алдында» темасында Астана клубунун VII отуруму өтүп жатат. Адаттагыдай эле борбор калаадагы эл аралык форумга чогулган дүйнөлүк серепчилер бир нече тематикалык сессияларда актуалдуу маселелерди талкуулашат. Күн тартибинде дүйнөлүк экономиканын жандануусу, глобалдык климат, Борбордук Азия, Ооганстан жана аймактын келечеги сыяктуу орчундуу маселелер ортого салынды. Талкууга АКШ, Кытай, Орусия, Испания, Бельгия, Индия, Түркия, Улуу Британия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн 40тан ашык спикер катышууда.

Чжао Хуашэн, Бээжин эл аралык диалог клубунун ага илимий кызматкери:
- Мен Казакстанды аймактык деңгээлдеги маселелерди чечүүдө ар дайым активдүү болуп, бардык тараптарга пайдалуу боло турган чоң демилгелерди көтөрүп келе жаткан өлкө катары билем. Ошондуктан бул жерде ар кайсы аймактарда болгон чыр-чатактардын ​​маселеси чечилип жатат. Тактап айтканда, тараптар бир пикирге келүүдө Астанада же Алматыда чогулуп жатышат. Бул жаатта Казакстандын ролу өзгөчө экенин айткым келет.

Руснак Урбан, Словакиянын ТИМ өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси:
- Казакстан өзүн тынчтыкты сүйүүчү, кадыр-баркы жогору, башкаларды биримдикке, ынтымакка чакыра алган өлкө катары таанытты. Өзүнүн дипломатиясын өнүктүргөн өлкө деп ойлойм. Ушул өңүттөн карай турган болсок дагы, дүйнө өлкөлөрүнө чоң пайда алып келет деп ишенем. Ошондуктан Казакстан бул өзгөчөлүгүн дагы да татыктуу ишке ашырууну улантууда. Дүйнөлүк деңгээлдеги актуалдуу көйгөйлөр менен  эл аралык инновациялардын  узак мөөнөттүү чечимдерин издөөгө чоң салым кошуп келет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков