Казакстан менен БАЭ өз ара соода алмашууну 1 миллиард долларга жеткирет

Казакстан менен БАЭ өз ара соода алмашууну 1 миллиард долларга жеткирет

Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттары өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Бул жаатта өнүмдүн түрлөрүн  көбөйтүү көздөлүп жатат. Белгилей кетсек, өткөн жылы тараптардын товар жүгүртүүсү 633 миллион долларды түзгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Алихан Смаилов менен Мухаммед Аль-Гаргауи эки тараптуу соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен катар инвестициялык кызматташууну, мамлекеттик башкаруу тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашты. Маселен, былтыр Эмираттар Казакстандын экономикасына 420 миллион долларга жакын инвестиция салган. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 400 миллион доллардан ашты. Өлкөнүн өкмөт башчысы келечекте бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Мухаммед Аль-Гаргауи Бириккен Араб Эмираттары Казакстан менен алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков