Казакстан жасалма интеллекттин комплекстүү стратегиясын
иштеп чыккан алгачкы өлкөлөрдүн бири. Бул тез өнүгүп жаткан технологиялар
доорунда өз убагында кабыл алынган ыкма. Бул тууралуу Салык салуу жана
инвестициялар боюнча эл аралык борбордун президенти Дэниел Уитт каналган берген
магениде билдирди. Серепчинин пикири боюнча, эгер мамлекеттик деңгээлде
санариптик инновацияларды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлбөсө, алар көмүскөдө
калышы мүмкүн. Анын айтымында, өлкө бул максатты ийгиликтүү аткарды.
Казакстанда санариптик экономика, салттуу экономика менен катар өнүктүрүлүүдө.
Дэниел Уитт, International Tax And Investment Center президенти:
– Өлкө жаңы технологияларга ачык.
Бул жаатта алдыңкы чечимдер этап-этабы менен жана ырааттуу түрдө киргизилип
жатат. Бул үчүн зарыл болгон укуктук, жөнгө салуучу жана салыктык базалар
түзүлүүдө. Мындай жаңы ыкма натыйжасыз болбой турганы анык. Азыр көптөгөн
мамлекеттер жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун ордуна аларды
чектөөгө же тыюу салууга умтулушат. Мындан бир жыл мурда, Астана эл аралык
форуму учурунда Президент Касым-Жомарт Токаев жана Өкмөт жасалма интеллектти
өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө айткан эле. Бул өтө
маанилүү жана туура чечим.
Ошондой эле америкалык серепчи Казакстандын Транскаспий
эл аралык транспорт багытындагы маанилүү ролу тууралуу пикири менен да бөлүштү.
Дэниел Уиттин айтымында, Ортоңку коридор Азия менен Европанын ортосундагы
туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылган глобалдык транспорт хабына айланып, көптөгөн
мамлекеттердин көңүлүн буруп келет. Бул жаңы тенденцияга Казакстан менен
Азербайжандын тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүсү да таасир этип жатат.
Дэниел Уитт, International Tax And Investment Center президенти:
– Каспий аймагы глобалдык логистикалык хабга айланып баратат. Биз бул жерде соода агымынын кобойгондугун байкап турабыз. Бул болгону жук ташуучу унаа жана темир жол аркылуу ташуулардан байкалбайт. Кеп активдүү өнүгүп жаткан санариптик, физикалык инфраструктуралар тууралуу болуп жатат. Бул жагынан алганда, суу астындагы оптикалык-була байланыш желесинин курулушун айтсак болот. Мамлекеттер муну менен токтолбойт. Казакстан жумшак инфраструктураны да жакшы өнүктүрүп кете алат. Бажы процесстерин санариптештирүүгө, интернет-сооданы декларациялоого басым жасалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

