Астанада 68 миллиард теңгеге өнөр жай долбоорлору ишке ашырылат

Астанада 68 миллиард теңгеге өнөр жай долбоорлору ишке ашырылат

Быйыл Астанада 68 миллиард теңгеге 55 өнөр жай долбоору ишке ашырылат. Өндүрүштү өнүктүрүү реалдуу секторду чыңдоо жана өнөр жайды диверсификациялоо боюнча иштердин бир бөлүгү болот. Өкмөттүн маалыматы боюнча, борбор жогорку өсүү темпин сактап турат, ал эми ишканалардын негизги бөлүгү индустриалдык парктардын аймагында топтолгон. Жаңы долбоорлор ата мекендик өнүмдү чыгарууну кеңейтип, шаардын экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Премьер-министр Олжас Бектенов жумушчу сапарынын алкагында логистикалык борбор, медициналык буюмдарды чыгаруучу завод жана тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүүчү ишканалар менен таанышты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор негизги капиталга инвестициялоонун көлөмү боюнча республикада биринчи орунду ээлейт: төрт айда 587 миллиард теңге тартылган, анын дээрлик 80% жеке салымдар. Астанада 246 миң чакан жана орто бизнестин субъекттери иштейт, ал эми алардын экономикага кошкон салымы рекорддук 66% жетти.

 

Халел Акимжанов, Астана шаарынын Ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси:

– Жыл башынан бери эң көп инвестиция логистика жана кампа секторуна тартылып, инвестициянын жалпы көлөмүнүн болжол менен 38,8% түздү. Өнөр жай сектору да күчтүү өсүштү көрсөтүп жатат, 2026-жылдын үчтүн айынан чын куран айына чейин тартылган инвестиция 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 76% жетти. Күчтүү өсүштү көрсөткөн алдыңкы тармактар ​​логистика, өнөр жай өндүрүшү жана салттуу курулуш болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков