Казакстандын балдардын укугун коргоо жаатындагы реформаларын БУУга мүчө мамлекеттер жогору баалашты. Эскерте кетсек, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республикада масштабдуу мыйзамдык жана стратегиялык чараларды киргизүү улантылууда. Алар коомдун эң аялуу катмарынын укуктарын коргоонун натыйжалуу жана ар тараптуу системасын түзүүгө багытталган. Бул маселеде өлкө эл аралык стандарттарды карманат. Ошентип, өткөн жылы балдарды коргоо чөйрөсүндө алты негизги мыйзам кабыл алынды. Кабыл алынган документтердин негизги механизми болуп жаш өспүрүмдөргө карата зомбулуктун ар кандай түрү үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемди киргизүү саналат. Мындан тышкары, балдардын укуктары боюнча Комиссарлар институтунун макамы жогорулатылды. Азыр анын өкүлдөрү республиканын ар бир аймагында бар. Насаатчылык институту да киргизилген, ошондой эле камкордук жана көзөмөлчүлүк органдарынын штаты көбөйтүлгөн. Серепчилер белгилегендей, балдардын бакубаттуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу-мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири.
Едил Оспан, Окуу-агартуу
вице-министри:
- Мындай кадам менен мамлекет
тарабынан көрүлүп жаткан чаралар балдарды коргоону, колдоону жана толук кандуу
окутуу менен социалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу алардын
өсүп-өнүгүшү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул
кадамдар өлкөбүздүн ар бир кичинекей жаранынын бакубат жана бактылуу
балалыгынын ачкычы болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

