Казакстандын
Президенти Алматыда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш
менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Касым-Жомарт
Токаев Башкы катчынын Казакстанга сапарына ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт
Токаевдин пикиринде, Алматы шаарында БУУнун аймактык борборунун ачылышы
аймактын стратегиялык мааниси өсүп жатканын көрсөтөт.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бул демилгени
колдогонуңуз үчүн сизге жана сиздин жамаатыңызга өзүмдүн, ошондой эле Казакстан
элинин атынан ыраазычылык билдирем. Сиздин өз убагында колго алган жана
келечекти ойлогон UN80 демилгеңизди жогору баалайм. Казакстан уюмду реформалоо
жолундагы иш-аракеттериңизди толук колдойт. Буга байланыштуу өлкөбүздүн БУУнун
ишинин негизинде жаткан көп тараптуулук, дипломатия жана кызматташтык
принциптерине ар дайым берилгендигин дагы бир жолу ырастайм.
Өз кезегинде
Антониу Гутерриш Казакстандын эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана туруктуу
өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууга кошкон салымына өзгөчө токтолду.
Антониу
Гуттериш, БУУнун Башкы катчысы:
- Казакстан - тынчтыктын жана
диалогдун символу, элдер арасындагы алтын көпүрө жана көп учурда адилеттүү
ортомчу экенин көрсөтүп келет. Буга мындан ондогон жыл мурда ядролук куралдан
баш тартуу тууралуу тарыхый чечим негиз салган. Бул чынында эле бүткүл дүйнө
үчүн өрнөктүү иш болду. Цивилизациялардын кагылышуусу тууралуу сөз козголгондо,
Казакстан өз тажрыйбасы аркылуу түрдүү диндер жана маданият өкүлдөрү арасында
диалог жана ынтымакташтык орнотуу мүмкүн экенин далилдеди. Бул сиздин
демилгелериңизден ачык байкалат. Сиздер дайыма дүйнөнү ынтымакка жана
боордоштукка үндөп келесиздер.
Мамлекет башчысы
Касым-Жомарт Токаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу
Гутерриш Казакстан Өкмөтү менен Уюмдун ортосунда БУУнун Борбордук Азия жана
Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борборун түзүү
тууралуу келишимге кол коюу аземине катышты. Президент бүгүнкү иш-чаранын
Казакстан үчүн гана эмес, Бириккен Улуттар Уюму үчүн да маанилүү экенин
белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бүгүнкү күндө
Борбор Азия биримдиги бекем жана ынтымактуу коңшулаштык менен жалпы прогресс
принциптерине берилген аймак экенин далилдеп келет. Биз эл аралык актуалдуу
маселелерди чечүүгө активдүү аралашкан ортомчу катары Борбор Азиянын
мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана глобалдык аренада конструктивдүү жана келечекти
көздөгөн күн тартибин ырааттуу түрдө алдыга жылдырууга умтулабыз. Буга
байланыштуу Алматы шаарында БУУнун аймактык борборун ачуу өз убагында жана
стратегиялык жактан маанилүү кадам болуп саналат.
Президент
борбордук аймактагы өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуулугун жана ылдамдыгын
күчөтүүгө, аймактык инновацияны өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты тереңдетүүгө
багытталган шайкеш аракеттердин катализатору болот деп эсептейт. Антониу
Гутерриш өз кезегинде, аталган Борборду ачуу аркылуу Туруктуу өнүгүү
максаттарына жетүү жолунда аймак үчүн жаңы доордун башталганын айтты.
Антониу
Гуттериш, БУУнун Башкы катчысы:
- Аталган
Борбордук аймактын лидерлеринин ортосундагы бекем байланыштардын ар тараптуу
экономикалык интеграцияга кандайча алып келерин көрсөтө тургандай дарамети бар.
Мен Президент Токаевдин сарамжалдуу саясатын жана лидерлигин жогору баалайм.
Анын демилгелери дүйнөлүк тартипте ролу өсүп келе жаткан Борбордук Азиянын жаңы
келбетин калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.
БУУнун Башкы
катчысы сөзүнүн аягында Казакстандын ички саясий багыты менен тышкы саясатына
жогору баа берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

