Казакстанда малдын абалын аныктоочу акылдуу чечим ойлоп табылды. Өкмөттүн жыйынында санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри тармактагы санариптик чечимдерди сунуштады. Үй-бүлөлүк акылдуу трекер мал мониторинг системасы. Заманбап технология айыл чарба компанияларына малды алыстан көзөмөлдөөгө жана аларды ар кандай ылаңдардан коргоого мүмкүндүк берет. Система тамактандыруу активдүүлүгүн, жалпы физикалык активдүүлүктү, дене температурасын, жаныбарлардын ылдамдашы жана активдүүлүгүн талдоо үчүн сенсорлорду камтыйт. Ошондой эле ветеринардык кызматтарды санариптештирүүгө, каржы институттары менен мамлекеттик органдарга максаттуу каржылоо жана малды камсыздандыруу процессин санариптештирүүгө негиз түзөт. Бүгүнкү күндө бул система өлкөнүн үч облусунда ишке киргизилди. Мындай сенсорлорду үйүрдү жана логистиканы эффективдүү башкаруу үчүн колдонсо болот. Учурда Нидерландияда, Данияда жана Канадада иштеп жатат. Жасылан Мадиевдин айтымында, санариптик технологиялар өндүрүмдүүлүктү жана биологиялык коопсуздукту жогорулатат.
Жаслан Мадиев, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри:
- Так мал чарбачылыгын өнүктүрүү санариптештирүүнүн кезектеги кадамы. Анда малды автоматтык тоюттандыруу, суу менен камсыз кылуу, климаттык контролдоо. Бул технология эмгек өндүрүмдүүлүгүн 10—25 пайызга жогорулатат. Ошондой эле чыгымдарды 15 пайызга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жасалма интеллект да колдонулат. Бул жаныбарлардын сыркаты жана жүрүм-турумун алдын ала айтууга жардам берет. Жайытты көзөмөлдөө үчүн дрондор жана спутниктер колдонулат. Мындай технологиялар көмүртек изин азайтууга жана өнүмдүн коопсуздугун жогорулатууга жардам берет.
Белгилей кетсек, Казакстанда тармакты санариптештирүүнүн алкагында 2022-жылдан баштап мал чарбачылыгын эсепке алуу процесстери электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тармактагы маалыматтык системаларды интеграциялоо үчүн E-APK платформасы иштелип чыгууда. Ар бир жаныбарга уникалдуу номер ыйгарылат. Бардык маалыматтар жана ветеринардык процедуралар жазылган. Дыйкандар жана ветеринарлар электрондук кызматты колдонуу менен убакытты үнөмдөп, катачылыктарды азайтышат. Жалпысынан учурда мал чарба жана ветеринария тармагында 100гө жакын мамлекеттик кызматтар бар. Алардын жарымынан көбү онлайн режиминде берилет. Өткөн жылы жалпысынан 5,9 миллион кызмат көрсөтүлгөн. 5,1 миллиону же 86%ы аралыктан камсыздалган.
Олжас бектенов, Казакстандын премьер-министри:
- Тармакты санариптештирүү мал чарба продукциясынын жашоо циклинин бардык этаптарында ачыктыкты камсыз кылууга тийиш. Быйыл жүргүзүлүп жаткан Улуттук айыл чарба каттоосунун жыйынтыгы санариптик платформаларга интеграцияланышы керек. Айыл чарба жана санариптик өнүктүрүү министрликтери жылдын аягына чейин малды жана мал чарбачылыгы өнүмдөрүн өткөрүүгө байланышкан бардык процесстерди 100% санариптештирүүнү камсыз кылышы керек. Алар ошондой эле үзгүлтүксүз мониторинг системасын киргизип, бардык маалымат базаларын бирдиктүү санариптик платформага бириктириши зарыл.
Которгон: Назира Бегалиева

