2023-жылдын биринчи чейрегинде эле Венгрияга экспорттолгон ички өнүмдүн өсүшү 38%ды түздү. Өз кезегинде аталган Европа мамлекетинен бул аралыкта жеткирилген импорттун көлөмү да төрттөн бирге көбөйгөнүн көрүүгө болот. Өз ара соодалашчу өнүм түрлөрүнүн аянты да кеңейип келүүдө. Мындай маалыматты Венгриянын Казакстандагы элчиси Отто Иван Рона Silk Way каналына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Дипломат өлкөдө венгриялык 32 жана 40 биргелешкен ишканалар ийгиликтүү иштеп жатканын айтты. Натыйжалуу кызматташтык негизинен айыл чарба, соода, курулуш жана тоо-кен тармагына тиешелүү.
Отто Иван Рона, Казакстандагы Венгриянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Венгрия Казакстанга химия өнүмдөрүн, жогорку сапаттагы үрөндөрдү, электр приборлорун, лабораториялык жабдууларды көп санда экспорттойт. 2022-жылы 196 миллион долларлык өнүм жеткирилген. 232 миллион доллар көлөмүндө казакстандык товарларды импорттодук. Көбү мунай өнүмдөрү.
Соода-экономикалык кызматташтык менен катар Казакстан менен Венгрия маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө ниеттенүүдө. Казак жана мажар элдеринин тарыхый уландысынын тамыры терең. Көчмөндөрдүн мууну көптөн бери келе жаткан карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн азыр билим жана илим тармагында тыгыз кызматташтыкты түзүүдө. Маселен, казакстандык студенттер атайын билим берүү программасынын алкагында Венгрияда акысыз билим ала алышат. Бул үчүн жылына 250 мамлекеттик грант бөлүнөт.
Отто Иван Рона, Казакстандагы Венгриянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Бул программалар жогорку суроо-талапка ээ. Маселен, быйыл 250 орунга 1471 талапкер арыз берди. Алардын тизмеси жаңы эле колубузга түштү. Тесттен 178 адам өткөнү айтылууда. Азыркы учурда 1000-1200дөй казакстандык бакалавр, магистратура жана PhD боюнча билим алып жатат.
Белгилей кетсек, былтыр Казакстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөнүнө 30 жыл болду. Ал ортодо Европа Биримдигиндеги мамлекет маанилүү өнөктөшкө айланды. Бүгүнкү күндө тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана өз ара инвестицияларды тартууга багытталган бир катар өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков