Казакстан менен Өзбекстан эл аралык суу-энергетика консорциумун түзүү маселесин талкуулашты. Ташкентте эки өлкө ортосундагы Парламенттер аралык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Тараптар транс чек аралык суу объектилерин биргелешип башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу тууралуу макулдашууга келүү менен бекитүү жол-жоболорун талкуулады. Жыйындын жүрүшүндө соода, инвестиция тармагындагы кызматташуу маселелери да көңүл сыртында калган жок. Депутаттар келечектүү биргелешкен долбоорлордун бири катары «Борбордук Азия» эл аралык өнөр жай кооперация ортолугунун курулушун аташты. Ерлан Кошанов Парламенттер аралык кызматташтык кеңешин түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, бул эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара кызматташуунун жаңы жана өркүндөтүлгөн форматы экенин белгиледи.
Ерлан Кошанов,
Парламент Мажилисинин төрагасы:
- Мамлекет
башчыларынын жеке макулдашууларынын аркасында эки өлкөнүн кызматташтыгы
союздаштыктын жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Бул Казакстан менен Өзбекстандын
мамилесинин жаңы баскычы. Казак-өзбек достугун чыңдоодогу маанилүү окуялар союздук
мамилелер жөнүндө декларацияга жана биримдик мамилелери жөнүндө келишимге кол
коюу болуп саналат. Мамлекет башчылары бардык макулдашуулардын жогорку
деңгээлде жана өз убагында туура аткарылышын көзөмөлдөөнү Парламент аралык
кызматташтык кеңешине жүктөдү.
Өзбекстан - Казакстандын
аймактагы эң ири экономикалык өнөктөшү. Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон
сооданын жалпы көлөмүнүн 60%дан ашыгы Өзбекстанга тиешелүү. Өткөн жылдын
аягында эки тараптын ортосундагы соода алмашуу 5 миллиард долларга жеткен. Келечекте
эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдында бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүү
милдети турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков