Казакстандын Президенти Мажилис төрагасы Ерлан Кошановду
кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаевге палатанын
конституциялык реформаны мыйзамдык жактан камсыздоо боюнча ишмердүүлүгү
тууралуу маалымат берилди. Мажилистин спикери Парламент тарабынан жаңы
Конституциянын нормаларын практика жүзүндө ишке ашырууну камсыз кылган жети
конституциялык мыйзам сапаттуу жана өз убагында кабыл алынганын билдирди.
Алардын арасында – Президент жөнүндө, Курултай, Казакстан Элдик Кеңеши,
борбордун макамы тууралуу, Алатау шаарынын атайын укуктук режими жөнүндө жана
башкалар бар. Алар боюнча иштер коомчулуктун жана серепчилик чөйрөнүн катышуусу
менен ачык жүргүзүлдү. Жалпысынан сессиянын башынан бери Мажилис тарабынан 89
мыйзам кабыл алынып, Сенатка жөнөтүлдү – алардын ичинде Курулуш, Санарип
кодекстери, жасалма интеллект жөнүндө, банктар жана банк ишмердүүлүгү мыйзамдар
бар. Дагы 80 мыйзам долбоору депутаттардын кароосунда турат. Ерлан Кошановдун
айтымында, парламент депутаттары сессиянын аягына чейин Өкмөттүн жана Жогорку
аудитордук палатанын өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун да
угушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

