Казакстандык компаниялар АЭС курулушуна тартылат

Казакстандык компаниялар АЭС курулушуна тартылат

Казакстандык компаниялар биринчи АЭСтин курулушуна тартылат. Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 14 миллиард доллар жумшоо пландалууда. Бул Атомдук энергетика агенттигинин алдын ала баасы. Өкмөттөн белгилешкендей, долбоордук-сметалык документтерди тактоо процессинде ал өзгөрүшү мүмкүн. План боюнча, техникалык-экономикалык негиздеме бештин айына чейин даяр болот. Ал эми долбоордук-сметалык документтер – кийинки жылы. Эске сала кетсек, өлкө башчысы Казакстан өзөктүк энергетикасы өнүккөн өлкөгө айланышы керектигин бир нече жолу белгилеген.


Которгон: Илгиз Жамалбеков