Казакстандын Президенти Брюсселге расмий сапар менен барат

Казакстандын Президенти Брюсселге расмий сапар менен барат

Кулжа айынын 22-23 күндөрү мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Европа Кеңеши президентинин чакыруусу менен Брюсселге расмий сапар менен барат. Сапардын алкагында Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшүүлөр пландалууда. Тараптар Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ошондой эле Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер менен жолугушуу каралууда. Мындан тышкары, Казакстандын президенти ири европалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда өтүүчү «Казакстан – ЕБ» тегерек столунда сөз сүйлөп, бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков