Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу Смаилов Алихан Асханулына жүктөлдү. Белгилей кетсек, өкмөт мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткара беришет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти
- Урматтуу жыйындын катышуучулары! Аскар Узакпайулы Мамин мага кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Мен бул арызды кабыл алдым. Аскар Узакпаевич биздин Өкмөттү 3 жылдай аброй менен башкарды. Ал өзүнүн кызмат ордунда айрыкча пандемия өрчүп турган учурда жогорку жоопкерчилигин, эмгекчилдигин көрсөттү. Ошондуктан мен мурдагы премьер-министрге ыраазычылыгымды билдирем. Премьер-министрликти тажрыйбалуу экономист, квалификациялуу жетекчи Смаилов Алихан Асханович аткарат.
Ерлан Карин Мамлекеттик катчы болуп дайындалды
Ошондой эле, Акорданын расмий сайтында Эрлан Карин Казакстан Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалгандыгы кабарланды. Бул кызматты буга чейин Крымбек Көшербаев аркалап келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков