Казакстан менен Өзбекстан «Борбордук Азия» өнөр жай кооперация борборун түзөт. Анын ишин жөнгө салган өкмөттөр аралык макулдашууну Мажилис ратификациялады. Борбордун жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Жарымын казак тарап, жарымын өзбек тарап ээлейт. Ошондой эле белгилүү бир аймакка регионалдык индустриалдык аймак макамы берилет. Борбор «Атамекен» жана «Гулистан» көзөмөл-өткөрмө пункттарынын жанында жайгашат. Ага өндүрүштүк жайлар, кампалар, ошондой эле транспорттук инфраструктура кирет. Мунун баары, соода министрлигинин башчысынын айтымында, мультипликативдик эффект жаратат. Баарынан мурда-жүк ташууну тездетет, логистикалык чыгымдарды азайтат, жеткирүү чынжырындагы катышуучулардын санын азайтат. Натыйжада-керектөөчүлөр үчүн товарлардын акыркы наркы төмөндөйт, ал эми «Түндүк – Түштүк» коридорунун алкагындагы өндүрүштүк өнөктөштүк жаңы импульс алат.
Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:
- Түркестан облусунун акимчилиги ачык сынак өткөрүп, негизги инвесторду аныктады. Инвестор борбордун ички жана тышкы инфраструктурасына инвестиция салат. Азыркы учурда инвестор борборду керектүү инфраструктура менен камсыз кылуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу менен алектенет. Макулдашууну ратификациялоо жана «Борбор Азия» өнөр жай кооперациясынын эл аралык борборун түзүү эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет, ошондой эле эки өлкөнүн өндүрүүчү, ишкерлеринин ортосундагы ишкер байланыштарды активдештирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

