Астанада Казакстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 24-жыйыны өтүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев ардактуу конокторду Эгемендүүлүк сарайында тосуп алды. Андан соң катышуучулар жыйындар залына барышты. Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Касым-Жомарт Токаев ШКУ эл аралык мамилелер системасындагы маанилүү механизмге айланып, туруктуу өнүгүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, уюмдун мүчөлөрү саясий коопсуздук, экономика жана маданият чөйрөлөрүндө фундаменталдуу мамилелерди түзүү менен бүткүл Евразиялык системанын өнүгүү векторуна салым кошууда. Белгилей кетсек, быйылкы саммит “Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” темасына арналган. Борбор калаага 16 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, бир катар эл аралык уюмдардын башчылары келишти. Ошондой эле 700дөн ашык чет элдик жана 200дөн ашуун жергиликтүү кабарчылар ШКУнун саммитинен кабарларды дүйнө жүзүнө таратып жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков