Президент Касым-Жомарт Токаев «Борбор Азия – Орусия» экинчи саммитине катышты

Президент Касым-Жомарт Токаев «Борбор Азия – Орусия» экинчи саммитине катышты

Казакстандын президенти Тажикстанда өткөн «Борбордук Азия – Орусия» экинчи саммитинде көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу багыттарын белгиледи. Мамлекет башчысы динамикалуу өнүгүп жаткан аймактын дарамети дүйнө жүзү боюнча таанылып жатканын белгиледи. Ага жараша С5+ форматындагы сүйлөшүүлөргө кызыгуу да өсүүдө. Ал эми аймактын республикаларынын Орусия менен болгон жемиштүү өз ара аракеттенүүсүнүн башталышы мындан үч жыл мурда Астанада өткөн «Борбордук Азия – Орусия» биринчи форуму болгон. Мындай форматтагы жогорку деңгээлдеги жаңы жолугушуу өнөктөштүккө түрткү берүүгө багытталган. Орусия менен соода Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн үчтөн бирин түзөт. Өткөн жылы ал 20%га өсүп, 50 миллиард доллардан ашты. Ошол эле учурда көлөмдүн жарымынан көбү – тагыраак айтканда 28 миллиард доллары – Казакстан менен Орусиянын соодасына туура келет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Орусия Казакстан экономикасына эң ири инвесторлордун катарына кирип, анын өнүгүшүнө 26 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Орусиянын инвестициясынын агымы өткөн жылы эле 33%га өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Бул өнөр жай кооперациясынын тездетилген өнүгүшүнүн аркасында мүмкүн болду. Инвестициянын көлөмү 21 миллиард доллардан ашкан 114 долбоор ишке ашырылды. 4,5 миллиард доллардан ашык суммага 33 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат.

Мамлекет башчысынын пикиринде, айыл чарбасында биргелешкен ишмердүүлүк үчүн чоң келечектер ачылууда. Касым-Жомарт Токаев данды терең иштетүү жана кошумча наркы жогору өнүмдөрдү чыгаруу боюнча биргелешкен кластерлерди түзүүнү сунуштады. Транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо дагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Казакстандын аймагы аркылуу 11 эл аралык коридор жана Азия менен Европанын ортосундагы кургактык жүк ташуулардын болжол менен 85%ы өтөт. 15 жылдын ичинде тармакка 35 миллиард доллар инвестиция салынган. Натыйжада, Орусиядан Казакстан аркылуу Борбор Азияга темир жол аркылуу жүк ташуу 26%га өстү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Орусиялык жана түркмөн өнөктөштөр менен биргеликте биз «Түндүк – Түштүк» эл аралык транспорт коридорунун чыгыш бутагын өнүктүрүп жатабыз, ал жерде бүгүнкү күндө эле ташуулардын көлөмүнүн олуттуу өсүшү байкалууда. Бул транспорт артериясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 2027-жылга чейин эки эсеге көбөйтүүнү пландаштыруудабыз. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ал жердеги жүк агымы дээрлик 2,5 миллион тоннаны түздү. Маршруттун дараметин толук ачууга жана керектүү каражаттарды тартууга «Түндүк – Түштүк» коридорунун чыгыш бутагын инвестициялык жана инфраструктуралык коштоо боюнча биргелешкен программаны ишке киргизүү көмөктөшмөк.

Энергетика тармагында да кызматташуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Айрыкча, Казакстанда «Росатомдун» катышуусу менен биринчи АЭСтин курулушун эске алганда, атомдук чөйрөдө. Президент өлкөдө ядролук-отун цикли жана радиоактивдүү калдыктар менен иштөө жаатында Регионалдык компетенциялар кеңешин түзүүнү сунуштады. Санариптик чөйрөдө да өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү жемиштүү болот. Албетте, экологияда да. Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын экологиялык маселелер боюнча министрлер кеңешин түзүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы өнөктөштүккө да токтолду. Казакстандын лидеринин пикиринде, бул жерде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын «Борбор Азия – Орусия» форматындагы биргелешкен ишин улантуу маанилүү.

Которгон Илгиз Жамалбеков