Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин жоокерлер
эң татаал кыйынчылыктарды натыйжалуу жеңип, дүйнөлүк туруктуулукту чыңдоого
олуттуу салым кошуп жатышат. Казакстан - Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигинде Бириккен Улуттар Уюмунун көз карандысыз тынчтыкты сактоо
миссияларын жүргүзүү мандаты бар жалгыз өлкө. Бул Казакстандын Куралдуу
Күчтөрүнүн эл аралык аренадагы жогорку кадыр-баркын тастыктайт.
Мамлекет аскер кызматкерлерин, укук коргоо
органдарынын кызматкерлерин жана атайын органдарды колдойт — бул максатта
комплекстүү чаралар иштелип чыккан. Жеке курамды чыңдоого өзгөчө көңүл
бурулууда. Мисалы, аскердик академиялардын мыкты студенттерине улук лейтенант
наамы берилет. Тиешелүү түзөтүүлөр учурда Парламентте каралууда. Андан тышкары,
2026 жана 2027-жылдар аскердик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу менен
белгилениши керек, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Мамлекет башчысы
Казакстан тынчтыкты сүйгөн мамлекет экенин дагы бир жолу баса белгиледи. «Биз
бардык чыр-чатактар дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп ишенебиз», - деп билдирди Президент.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Казакстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достук
мамилелерди чыңдоону улантат. Бул өзгөрүлбөс принциптер биздин жаңы
Конституциябызда так чагылдырылган. Бирок, бул биз кол куушуруп отура берсек
болот дегенди билдирбейт. Өлкөбүз ар кандай кыйынчылыктарды алдын ала көрүүгө
жана ар кандай коркунучтарга каршы турууга даяр болушу керек. Ошондуктан, биз
коргонуу дараметибизди жогорулатып, эң башкысы, Куралдуу Күчтөрдү технологиялык жактан
модернизациялоону улантышыбыз зарыл. Бул туруксуз жана дүрбөлөңдүү мезгилдин
талабы.
Касым-Жомарт
Токаев жаңы Конституциянын эгемендүүлүктүн, аймактык бүтүндүктүн жана коомдук
биримдиктин кепилдиги катары маанисине өзгөчө басым жасады. Ал ошондой эле
чыгармачыл патриотизмдин маанисин баса белгиледи. Бул жерден жаштар өз мекенине
жана элине кызмат кылууга өзүн арнаган баатырлардын жашоосунан үлгү алышат. Эми
алардын атынан көчөлөр жана мекемелер гана эмес, мекемелик сыйлыктар да
аталат. Алгачкылардын бири полиция капитаны Газиз Байтасовдун атындагы медаль
болот. Ал мындан 15 жыл мурун жан кечти-террорчуну колго түшүрүү учурунда
курман болгон. Ал эми баатырлардын даңкы убакыттын өтүшү менен өчпөйт. Фронттун
жоокери Кенжебай Маденов Берлинде Жеңиш туусун көтөрүүгө катышкан. Тарыхый
адилеттүүлүктү калыбына келтирип, Касым-Жомарт Токаев каза болгондон кийин ага «Эл Баатыры» наамын
ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюп, баатырдын уулу Махамбет Кенжебай уулуна Алтын
Жылдыз жана «Отан» орденин тапшырды. Президент ошондой эле салтанаттын
катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды, жогорку аскердик жана атайын наамдарды
ыйгарды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

