Астанада кыргыз киносунун күндөрү өтүүдө

Астанада кыргыз киносунун күндөрү өтүп жатат. Коңшу өлкөнүн борбор калаадагы кино жумалыгы «Бейиш эненин таманында» аттуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен ачылды. Режиссёр Руслан Акундун эмгеги жакын адамдардын ортосундагы сүйүүнүн кыймылдаткыч күчү тууралуу баяндайт. Окуялар желеси боюнча акыл-эсинде өзгөчөлүгү бар Адил аттуу адам апасын ыйык Мекке шаарына алып барууну кыялданат. Белгилей кетсек, тасма Казакстандын аймагында да тартылган. Анын бет ачары жалган куран айынын аягында эки өлкөнүн негизги шаарларында бир убакта өттү. Боордош өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү кыргыз кино тармагынын мыкты чыгармаларын көрсөтүү Садыр Жапаровдун Астанага боло турган иш сапарынын алкагында уюштурулганын белгиледи.

Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Биздин мамилебиз жогорку деңгээлде өнүгүп келет. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда союздук тилектештик мүнөз бар. Ошондуктан өз ара маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана саясий мамилелерибиз күч алууда. Биринчиден, тыгыз интеграциянын натыйжасында биздин боордоштук мамилебиз, коңшулук достугубуз мындан ары да чыңдалууда. 2022-жылы президенттин катышуусунда Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү өткөн. Бул карым-катнаштын өтө жогорку көрсөткүчүнүн белгиси.

Тасманын бет ачарында келечекте пландаштырылган дагы бир катар биргелешкен иш-чаралар айтылды. Бул боордош мамлекеттердин тарыхый уландысынын заманбап деңгээлде тез өнүгүп жаткандыгынын ачык-айкын көрүнүшү.

Күмис Сейитова, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маданият комитетинин төрайымы:

- Чын куран айына ар кандай кино иш-чаралар мерчемделген. Жалган куран айынын аягында Алматыда кыргыз кино күндөрү өтүп, мыкты тасмалар көрсөтүлдү. Чын куран айында айтылуу Манаска арналган көргөзмөнүн ачылышына даярдык иштери көрүлүүдө. Анын алкагында эки өлкөнүн аксакалдары менен чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү өтөт. Мындан тышкары, өлкөлөрдүн өнөрпоздорунун катышуусу менен биргелешкен концерт болот. Ошондой эле, Астанада кыргыздын улуттук колдонмо өнөрүнүн көргөзмөсү өтөт деп пландалууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков