Казакстандын президенти Кытайдын СNNC улуттук атомдук өнөр жай корпорациясынын башчысы менен Атомдук энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев Шэнь Янь-фэнуга өлкөдө өзөктүк энергетика боюнча агенттик түзүүнү эске алуу менен тармакты өнүктүрүү боюнча Казакстандын пландары тууралуу билдирди. Ошондой эле, мамлекет башчысы өлкө Кытай корпорациясынын Олуттуу тажрыйбасына кызыкдар экенин белгиледи. Тараптар атом энергиясын тынчтык жолу менен колдонуунун алдыңкы технологияларын жана казакстандык адистерди окутууну талкуулашты.
Которон: Илгиз Жамалбеков

