Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Жеңиш күнү аскердик салттардын уландысын чагылдырып, ата-бабалардын баатырдык жолуна берилгендикти көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды, жогорку аскердик жана атайын наамдарды тапшыруу аземинде Касым-Жомарт Токаев билдирди. Мамлекет башчысы – Куралдуу Күчтөрдүн Жогорку Башкы колбашчысы  салтанаттын катышуучуларын куттуктап, казак армиясы өлкөдөгү аймактык бүтүндүктүн жана туруктуулуктун ишенимдүү калканына айланганын баса белгиледи. Коргоочулар баатырдыкты тынчтык мезгилде да көрсөтүп келет. Буга быйылкы ири көлөмдөгү суу ташкындарын мисал келтирсе болот.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Мына ушундай оор мезгилде Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өздүк курамы антка бекем болуунун жаркын үлгүсүн көрсөтүштү. Суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн 9 миңден ашуун жоокер тартылды. Учурдан пайдаланып, Түндүк Казакстан облусунда суу каптоого каршы күрөшкөн 300 аскер кызматкеринин эмгегин белгилегим келет. Алар күнү-түнү дамбаларды куруп, калктуу конуштарды селден сактап калуу иштерине жигердүү катышты.

Мамлекет башчысынын айтымында,  геосаясий туруксуздук күчөп турган шартта күчтүү жана күжүрмөн даярдыктагы армиянын мааниси кыйла жогорулады. Казакстандын аскер кызматкерлери БУУнун алкагында тынчтык орнотуу операцияларына катышууда кесипкөйлүгүн жана жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп келет. Мамлекет жаш жоокерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Ал эми аскер кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ошондой эле, республиканын Куралдуу Күчтөрүн мындан ары бекемдөө иштери улантылат, деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Казакстан дүйнөгө өзүн бейпил өлкө катары таанытты. Биз бардык мамлекеттер менен достук мамиле түздүк. Кандай гана конфликт болбосун конструктивдүү диалог аркылуу чечүү керек деп эсептейбиз. Бирок баарына кайдыгер карап отурууга болбойт.  Биздин күчтүү армиябыз ар кандай коркунучтарга даяр болушу керек. Күчтүү армия – өлкөнүн таянычы.

Алардын эрдиктери унутулбайт. Казакстанда согуштун ардагерлерине ар дайым урмат көрсөтүлөт. Мамлекет башчысы ардагерлерге жыл сайын Улуу Жеңиш майрамына карата кошумча акы берилерин эске салды. Быйыл анын көлөмү 3 миллион теңгеге чейин өстү. Кошумчалай кетсек, Касым-Жомарт Токаев быйылкы жылдан баштап «Айбын» орденинин үч даражасы атактуу баатырлар – Сагадат Нурмагамбетов, Бауыржан Момыш уулу жана Ракымжан Кошкарбаевдин ысымдары менен аталарын эске салды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков