Казакстандын Президенти мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Казакстандын Президенти мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон Казакстан-тажик стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө келечегин талкуулашат. Казакстандын Президенти баш оона айынын 22си 23ү күндөрү Тажикстан президентинин чакыруусу менен республикага мамлекеттик сапар менен барат. Тараптар жогорку деңгээлде тар форматта жана эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын курамында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ошондой эле эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков