Казакстандын Президенти Орусиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуу өткөрдү

Казакстандын Президенти Орусиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуу өткөрдү

Казакстандын Президенти Орусиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык рухунда эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушууда учурдагы келишимдерди ишке ашыруу жана негизги багыттар боюнча кызматташууну андан ары бекемдөө маселелери талкууланды. Бугу айынын аягында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин Казакстанга мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Сергей Лавровдун айтымында, иштер активдүү жүрүп жатат, кызматташуунун бардык негизги маселелери өкмөттүк деңгээлде чечилүүдө. Тараптар ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.


Которгон: Илгиз Жамалбеков