Казакстан ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт

Казакстан ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт

Касым-Жомарт Токаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Пере Жоан Понс менен жолугушту. Мамлекет башчысы Казакстандын Уюм жана анын Парламенттик ассамблеясы менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады. Президент экологиялык күн тартибин жана Астананын туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган аракеттерин ырааттуу колдогонун жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы диалогду жана ишенимди бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролун өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде Пере Жоан Понс экологиялык саммитте талкууланган маселелердин актуалдуулугун баса белгиледи. Ал ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык күн тартибин жана жалпы демилгелерди ишке ашырууда көрсөткөн биримдигин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков