Казакстандын президенти Кызылорда облусунда бир катар объектилерди кыдырды

Казакстандын президенти Кызылорда облусунда бир катар объектилерди кыдырды

Касым-Жомарт Токаев Кызылорда облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында аймактын коомчулугу менен жолугушту. Президент аймактын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнү өнүктүрүү жолунда колго алынган демилгелер тууралуу сөз кылды. Ошол эле учурда жаштардын демилгелерин колдоону, «Таза Казакстан» акциясын улантууну, санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди козгоду. Ошондой эле Мамлекет башчысы сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Суунун тартыштыгына көңүл бурабыз. Келечекте да суу мол болот деп айта албайбыз. Ага даяр болушубуз керек. Сууну үнөмдөөнүн жогорку технологиясын колдонгонубуз оң. Мамлекет субсидия берип жатат. Быйыл айыл чарбасына 1 триллион берди.

Ошондой эле, Президент аймактагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн «Сыр жылдыздары» чыгармачылык-инновациялык академиясын кыдырды. Анын иши аймактын жаштарынын интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө багытталган. Комплексте спорт түрлөрү үчүн машыгуу залдары, чыгармачылык студиялар жана лабораториялар бар.

Андан соң Касым-Жомарт Токаев «Кызылорда-нан» цехинин иши менен таанышты. Нан-токоч, кондитердик жана макарон азыктарын өндүрүүчү комплекс толугу менен автоматташтырылган. Ишкана чыгарган өнүмдүн  көбү шаар аймагындагы жана анын тегерегиндеги дүкөндөргө жеткирилет.

Мамлекет башчысы барган объектилердин бири - жаңы жылуулук электр борбору. Бул объект Президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнүн түштүк аймактарында элдин жана экономиканын муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында курулган. Борбор 240 мегаватт электр кубатын жана 277 гигакалория жылуулук энергиясын өндүрөт.

Президент Кызылорда шаарындагы 11 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы футбол стадионун да көрүп чыкты. Заманбап талаптарга жооп берген спорт комплексинде жогорку деңгээлдеги эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, ошондой эле ар кандай маданий иш-чараларды уюштурууга болот. Аренада бокс, күрөш, спорттук гимнастика, оор атлетика жана башка спорт түрлөрү үчүн залдар бар. Мамлекет башчысы «Кайсар» футбол клубунун оюнчулары менен баарлашты. Жолугушуунун соңунда Президент футбол тобуна кол тамгасын койду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- «Кайсар» – өлкөбүздө менчикке өткөн алгачкы клубдардын бири. Алдыда футбол академиясы курулат. Клубдун келечеги жаркын болот деп ойлойм. Баарыңыздарга ийгилик каалайм.

Касым-Жомарт Токаев Кызылорда облусунун тарыхый-чөлкөм таануу музейине да барды. Президент аймактын тарыхый-маданий мурасы менен таанышып, археология, этнография, Казакстандын мурунку жана азыркы турмушунан кабар берген залдарды кыдырып көрдү. Музейде 12 тематикалык зал жабдылган. Учурда мекеменин фондунда 70 миңге жакын экспонат бар.

Президент аймакка болгон иш сапарынын соңунда Кызылорда шаарындагы Үстөл тенниси борборун көрүп чыкты. Комплекс заманбап үлгүдө курулган. Борбордо теннис үстөлдөрү орнотулган оюн аянтчасы, көрүүчүлөргө арналган орундар, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр бар. Бүгүнкү күндө бул жерде 280 бала спорт менен машыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков