Казакстан аймактагы эң жагымдуу инвестициялык багыттардын бири катары
позициясын бекемдөөнү улантууда. Бул жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча,
негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 7% өсүп, дээрлик 5 триллион теңгеге жетти. Жалпысынан,
өткөн жылы республиканын экономикасына 20 миллиард доллардан ашык түз чет элдик
инвестиция тартылды.
Экономиканын туруктуулугун жана чет элдик өнөктөштөрдүн ишенимин эл аралык
рейтинг агенттиктери да тастыктайт. Алар, республиканын Улуттук экономика
министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын суверендик рейтингин
инвестициялык ишенимдүүлүк деңгээлинде ырасташат. Мекеме белгилегендей, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо
чаралары, анын ичинде салыктык жана бажы жеңилдиктери, долбоорлорду коштоп жүрүү
үчүн «жашыл коридор» механизми жана мыйзамдардын туруктуулугуна кепилдиктер
иштейт. Атайын экономикалык жана индустриалдык аймактар бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Алар
ишканаларга даяр инфраструктураны жана иштөө үчүн жеңилдетилген шарттарды
камсыз кылышат.
Арман Касенов, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика вице-министри:
– Ири долбоорлорду колдоонун негизги куралдарынын бири Инвестициялык макулдашуу болуп саналат. Бул механизм 7,5 миллиондон кем эмес айлык эсептик көрсөткүч баасындагы долбоорлорду ишке ашырган инвесторлорго мамлекеттик колдоо чараларынын комплексин жана 25 жылга чейинки мөөнөткө мыйзамдардын туруктуулугуна кепилдик алууга мүмкүндүк берет. 2025-жылга 30 макулдашуу, быйылкы жылы – 12 макулдашуу түзүлгөн. Кошумча механизм болуп Инвестициялык милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу саналат, ал ири ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө салык мыйзамдарынын туруктуулугун камсыз кылат. Алар өндүрүштү түзүү жана модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырышат.
Мындан тышкары, инвесторлордун укуктарын коргоону бекемдөө үчүн Башкы прокуратурада сотко чейинки талаштарды жөнгө салуу боюнча атайын аянтча түзүлөт. Ар бир облуста инвестициялык прокурорлор пайда болот. Алар инвесторлорго укуктук колдоо көрсөтүп, инвестициялык долбоорлорду коштоп жүрүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

