Казакстан экспорттун көлөмүн 2029-жылга чейин 45 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Ошол эле учурда терең иштетилген продукцияга көңүл бурулат. Быйыл гана чийки зат товарларды ташууну 6%га көбөйтүү пландалууда. Натыйжада тышкы рынокторго жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашкан продукция келиши күтүлүүдө. Өкмөттө тармактын башчысы алыскы чет өлкөлөрдүн жаңы багыттарын атады. Алсак, орто мөөнөттүү потенциалда Кытайга экспортту эки жарым эсеге чейин кеңейтүү каралган. Ошондой эле КМШ, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана эски континенттин казак рыногун толуктоо жолдору иштелип чыгууда.
Арман Шаккалиев, Казакстандын Соода жана интеграция министри:
-ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча интенсивдүү иштер жүргүзүлүүдө. Чек арадагы сооданын керектүү инфраструктурасы түзүлөт. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө тоңдурулган кой эти, куш эти жана ичеги азыктар сыяктуу товарларды көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле артыкчылыктуу багыт катары экспортко багытталган долбоорлорду ишке ашыруу багытында иштөөгө даяр Европа Биримдигинин рыноктору саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков