Астанада Эл баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун 100
жылдыгына карата симпозиум өттү. Советтер Союзунун Баатыры, армия генералын
эскерүү салтанатына жоокерлер, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана жаш
жоокерлер чогулушту. Өмүрүнүн 50 жылдан ашуунун аскердик кызматка арнаган
баатырдын согуш жылдарындагы эрдиги, өрнөктүү өмүрү өсүп келе жаткан муун үчүн
руханий мурас. Улуу Жеңиш жолунда Берлинге чейин жеткен атактуу жоокер,
Казакстандын биринчи коргоо министри, Сагадат Нурмагамбетовдун 100 жылдыгына
карата эскерүү китеби жарык көрдү. Жыйнакта улуттук сыймык тууралуу мурда
жарыяланбаган жаңы архивдик маалыматтар камтылган.
Марат Нагуманов, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлер уюмунун төрагасынын орун басары:
-Китепте мурда көрүлбөгөн эч кайда чыкпаган документтер жыйналды. Мамлекеттик архивинен, Подольск шаарында Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин архивинен Сагадат Нурмагамбетовго жазган каттар, анын жооптору сыяктуу эксклюзивдүү документтер менен сүрөттөр бар. Сагадат Нурмагамбетовдун атынан жарлыктар бар, ал кишинин өз колунун астынан чыккан документтер бар. Китепти Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Борбордук стратегиялык аскер институту биргелешип чыгарды.
Ошондой эле, Сагадат Нурмагамбетовдун мааракесинин
алкагында өлкөдө «Аскердик ант» телесериалы тартылды. Мындан тышкары жакынкы
жумада кичи мекени Аккөл шаарында Эл баатырынын эстелигин жана гүл багын ачуу,
жайкысын эл аралык аскердик-патриоттук жаштар жыйынын өткөрүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков