Казакстандын президенти конституциялык соттун төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти конституциялык соттун төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти Конституциялык соттун төрагасын кабыл алды. Эльвира Азимова билдиргендей, 2,5 жыл ичинде 11 миңден ашык кайрылуу келип түшкөн. Соттор 5 миңден ашык укуктук норманы карап, 300дөн ашык чечим кабыл алышкан. 41 токтом мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу ишке ашырылды. Учурда парламентте Конституциялык соттун пикирин эске алуу менен 8 мыйзам долбоору каралууда. Казакстандыктар Конституциялык соттун аппаратынын алдындагы кайрылууларды кабыл алуу борборунан юридикалык консультацияларды да ала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков