Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар Астана эл аралык каржы борборунда болушту. Учурда каржы борбору аркылуу тартылган инвестициянын көлөмү 14,4 миллиард долларга жетти. Бул жерде 3 700дөн ашык өлкөдөн 80ге жакын компания катталган. Мамлекет башчыларына Борбордук соттун, прецеденттик укуктун нормаларына жана принциптерине негизделген Борбордук Азиянын биринчи сот системасынын, ошондой эле эл аралык арбитраждык борбордун иши тууралуу маалымат берилди. Каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу боюнча комитеттин өзгөчөлүктөрү сунушталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

