«Алатау шаарынын
өзгөчө макамы жөнүндө» мыйзам жалган куран айынын аягына чейин кабыл алынат.
Бул тууралуу Өкмөт жыйынында Премьер-министрдин орун басары - Улуттук экономика
министри Серик Жумангарин билдирди. Жаңы Конституциянын нормаларын ишке
ашыруунун алкагында Астана жана Алатау үчүн өзгөчө укуктук режимди аныктоочу
мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Мисалы, Алатауга тиешелүү документте «тез
өнүгүүчү шаар» катары калыптандыруу, эл аралык стандарттарды киргизүү
такталган. Атүгүл учкучсуз унаа жана санариптик активдерди өнүктүрүүгө
артыкчылык берилген. Ал эми Астана үчүн шаар курулушу, миграция жана транспорт
тармактарында башкаруунун жаңы механизмдери каралган. Эки документ тең
инвестицияларды тартууга жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун
натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Серик Жумангарин
— Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:
– Салык салуунун
жана бюджеттик мамилелердин өзгөчө режимин колдонууну көздөйт. Учурда
Конституциялык мыйзам долбоору парламенттин кароосунда. Ушул жылдын жалган
куран айынын 20да мыйзам долбоору боюнча парламент палаталарынын биргелешкен
жыйынынын биринчи окуусун, ал эми 27де экинчи окуусун өткөрүү мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

