Казакстан – глобалдык жашыл өсүү институтунун мүчөсү

Казакстан – глобалдык жашыл өсүү институтунун мүчөсү

Казакстан Глобалдык жашыл өсүү институтунун 45-мүчөсү. Республиканын аталган уюмга кошулуу тууралуу документин институттун президенти Пан Ги Мунга өлкөнүн Сеулдагы элчиси Бакыт Дүйсенбаев тапшырды. Белгилей кетсек, Казакстандын бул уюмга кошулуусу боюнча мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев бир ай мурун кол койгон. Глобалдык жашыл өсүү институтунун башкы кеңсеси Сеулда жайгашкан. Эл аралык өкмөттөр аралык уюм жашыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржы ресурстарын тартат. 4 жылдан бери институтту Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун жетектеп келет.

Пан Ги Мун, Глобалдык жашыл өсүү институтунун президенти:

Казакстан менен кызматташуу биз үчүн чоң сыймык. Бул биздин кызматташтыгыбызды мындан ары чыңдоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Анткени Казакстан БУУнун беделдүү мүчөлөрүнүн бири. Буга чейин Касым-Жомарт Токаев менен БУУда, ал эми азыр Казакстан Республикасынын Президенти катары иштешүү мен үчүн чоң сыймык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков