Келерки жылдан тарта Казакстанда мамлекеттик кызматкерлер жалаң онлайн режимде кабыл алынат. «E-Qyzmet» бирдиктүү кадр системасынын порталы талапкерлерди тандоодо адамды аралаштырбайт. Бул система эки жыл мурун пилоттук долбоор катары ишке киргизилген. Эми келерки жылы жаңы жоболор күчүнө кирет. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорунда тандоо, санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу сыяктуу инновациялардын кеңири чөйрөсү камтылган.
Дархан Жазыкбай, Мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасы:
- Учурда мамлекеттик кызматкерлерди квалификациясына жана билимине карап алуу үчүн электрондук кызматтарга жасалма интеллектти киргизип жатабыз. Алардын аткарган иштерине, көрсөтмөлөрүнө жасалма интеллектти киргизип, бул аркылуу алардын канчалык иш жүгү бар экенин аныктап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

