Казакстанда үчүнчү сектордун саны жылына болжол менен 150гө жакын катышуучуга өсүп келет. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында он чакты эле бейөкмөт уюм болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 23 миңге чукулдап калды. Өлкөнүн бул тармагы Борбордук Азиядагы эң өнүккөн коомдук институтка айланды. Мындай пикирин Казакстандын X жарандык форумунун ачылышында сүйлөгөн Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Аида Балаева билдирди. Мааракелик жолугушууда катышуучулар демократиялык жараяндарды өнүктүрүү боюнча жаңы идеяларды бөлүшүп, талкуулашты. Форумдун алкагында 30дан ашык талкуу форумдары жана сессиялар өткөрүлөт. Жалпысынан салттуу форумдун тарыхында көтөрүлгөн 500дөн ашык сунуш мамлекеттик программалардын алкагында ишке ашырылган.
Аида Балаева, Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:
- Быйыл форумдун алкагында ар кандай тематикалык секциялар, атайын жолугушуулар жана серепчилердин дарстары болот. Анын эффективдүүлүгүн жана натыйжасын биз ар бир форумдан көрүп жүрөбүз. Албетте, бул жагынан мамлекет менен коомдук уюмдардын ортосундагы өнөктөштүк байланышына зор ишеним бар. Эң негизгиси бизде бул жаатта биргелешкен иш, бирдиктүү түшүнүк, системалуу жол бар. Андыктан форумдун жүрүшүндө айтылган ар бир пикир эске алынып, эртеңки мерчемдерибиздин жолунда табылат деп ишенем.
Быйыл биринчи жолу жыйынга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, ЮНИСЕФтин, ЮНЕСКОнун жана башка ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Форум алдыдагы 5 күн бою социалдык тармактарда түз эфирде көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр тиешелүү суроолорду жөнөтүп, жооп ала алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков