Европа Биримдиги Азия менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар

Европа Биримдиги Борбордук Азия жана Монголия менен стратегиялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар. Бул тууралуу саясатчылар Европарламенттин делегациясынын Брюсселдеги жыйынында билдиришти. Депутаттар аймактардын өнүгүү тарыхына токтолуп, бүгүнкү күндө аталган өлкөлөр Европа менен Азияны байланыштырган көпүрө сыяктуу экенин белгилешти.

 

Карстен Люке, Европа Парламенттин тышкы иштер комитетинин мүчөсү:
-Борбордук Азия - абдан маанилүү жана тез өнүгүп жаткан аймак. Алдыдагы убакытта бул мамлекеттер европалыктар үчүн жакын өнөктөш болууга тийиш. Дүйнө тез өзгөрүп жаткандыктан, геосаясат барган сайын маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан кызматташтык маанилүү болуп калат. Бул Борбор Азия мамлекеттери үчүн да, Европа Биримдиги үчүн да пайдалуу деп ойлойм. Көптөгөн багыттар боюнча кызматташууну бекемдешибиз керек. Атап айтканда, бул транспорт-логистика, инвестиция жана климаттын өзгөрүшү.


Өз кезегинде Казакстандын Бельгиядагы элчиси Маргулан Баймухан европалык саясатчыларды мамлекет башчысынын Казакстан элине кайрылуусунун негизги пункттары менен тааныштырды. Ал өлкөдө реформалар ийгиликтүү болуп, мамлекеттик жана банктык кызматтарды санариптештирүү ыкчам жүрүп жатканын белгилеп өттү. Буга кошумча Казакстан-Европа кызматташтыгынын транспорт, энергетика, айыл чарба тармагындагы өнүгүү келечегине жана өтө маанилүү темаларга токтолду. Жыйындын соңунда Борбордук Азия жана Монголия элдеринин этномаданий көргөзмөсү уюштурулду. Анда Казак хандыгын чагылдырган байыркы европалык карталар сунушталды.

 

Маргулан Баймухан, Казакстан Республикасынын Бельгиядагы элчиси:
-Бул чара абдан маанилүү, анткени Европарламентте саясий жана экономикалык аспектилер талкууланат. Бүгүн биз Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын бардык элчиликтеринин колдоосу менен биздин аймактын маданий мурасын, жалпы тарыхын, салт-санаасын көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын кол өнөрчүлүгүн кеңири жайылтуу максатында бул жерде көргөзмө уюштурууну чечтик. Ошол эле учурда Европа Биримдиги менен мамилебизди бекемдейбиз. Мындан сырткары, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик жерлери менен Европа өлкөсүн тааныштыруу аркылуу биз башкаларга казак өлкөсүнүн ажайып жаратылышын жайылтабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.