GOV.KZ көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу болду

GOV.KZ көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу болду

Казакстанда мамлекеттик сектордун масштабдуу санариптик трансформациясы уланууда. Ал Gov.kz интернет-ресурстарынын бирдиктүү платформасына да тиешелүү. Азыр мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү аркылуу портал көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташтырылган. Ресурс жөнөкөй жана ыңгайлуу болуп калды, ариптердин өлчөмү, түстөр гаммасы жана контрасттуулугу өзгөрдү. Көзү начар көргөндөргө арналган функционалга өзгөчө басым жасалган - баракчалардагы кошумча белгилер атайын программалар катары эсептелинет жана үн чыгарылышы мүмкүн.

Ростислав Коняшкин, Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жайы вице-министри:

- Биз аны жакында эле, ушул жылы ишке киргиздик. Биз деталдуу жана тереңирээк иш тууралуу айтып жатабыз – бул тексттин деңгээлинде, баскычтардын деңгээлинде жайгашкан белгилер, алар биздин жарандар колдонгон атайын программалык камсыздоого бул белгилерди окуп, бул маалыматты аудио форматка которууга мүмкүндүк берет, анын ичинде башкаруу мүмкүнчүлүктөрү да бар, жарандар кайрылып, порталды үн менен башкарууга аракет кылышат. Буга чейин мындай нерсе болгон эмес.

Мындан тышкары, санариптик өнүгүү министрлиги gov.kz сайтына жасалма интеллекттин базасында түзүлгөн чоң тил моделин – KazLLM киргизүүнү пландаштырууда. Ал маалыматтардын ири көлөмүн тез иштеп чыгууга жана контентти казак, орус жана англис тилдерине автоматтык түрдө которууга мүмкүндүк берет. Ал эми буга жакында эле өлкөдө ишке киргизилген суперкомпьютер жардам берет, деп айтышат адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков