Казакстанда инвестициялык активдүүлүктүн оң
динамикасы байкалууда. Республиканын Өкмөтүнүн маалыматы боюнча, негизги
капиталга салынган инвестициялар бир жылда 13% өсүп, 22 жарым триллион теңгеден
ашты. Серепчилер
инвесторлордун кызыгуусунун күчөшүн институционалдык
реформалар, анын ичинде өлкөдө жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен
байланыштырышат. «Астана» Эл аралык каржы борборунун Сотунун аппаратынын
жетекчиси Кристофер Кэмпбелл-Холт белгилегендей, документ инвесторлордун
укуктарын коргоону күчөтүп гана тим болбостон, адилеттүү сот адилеттигине
жетүүнү камсыздайт, ошондой эле бизнести жүргүзүү үчүн ачык-айкын жана
болжолдуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары, Баш мыйзам өнүгүүнүн узак мөөнөттүү
багыттарын белгилеп, эл аралык ишкерлер коомчулугунун ишенимин арттырат. Бул
түздөн-түз жарандардын жашоосуна таасир этет - жаңы ишканалар ачылып, жумуш
орундары түзүлүп, инфраструктура жана технологиялар өнүгүүдө. Кристофер
Кэмпбелл-Холт мындай ыкмалар дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга шайкеш келерин баса
белгилейт. Атап айтканда, Англияда жана башка бир катар өлкөлөрдө туруктуу
инвестициялык климаттын негизинде күчтүү укуктук институттар жана так эрежелер
жатат.
Кристофер Кэмпбелл-Холт OBE, «Астана»
эл аралык финансы борборунун Сотунун жана Эл аралык арбитраждык борборунун
каттоочусу жана аппарат жетекчиси:
– Казакстандын жаңы Конституциясы инвесторлордун ишенимин арттырат. Ал аларга өлкөдө бизнес жүргүзүү коопсуз экенине ишеним берет. Алар бул жакка келе беришет, анткени иштөө шарттары барган сайын ыңгайлуу болуп баратат. Конституциянын жоболорун ишке ашыруу үчүн кабыл алына турган келечектеги мыйзамдар жана ченемдик актылар чоң мааниге ээ болот. Бул абдан позитивдүү жана конструктивдүү өнүгүү, аны кубаттоого гана болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

