Казакстанда Борбор Азиядагы жаңы муундагы биринчи суперкомпьютер ишке киргизилди

Казакстанда Борбор Азиядагы жаңы муундагы биринчи суперкомпьютер ишке киргизилди

Бул өлкөнүн санариптик инфраструктурасын куруудагы стратегиялык кадам, бул санариптик эгемендүүлүктү бекемдөө жана жасалма интеллектти өнүктүрүүнү тездетүү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиев билдирди. Анын айтымында, суперкомпьютер климаттын өзгөрүшүн моделдөө, жаңы дары-дармектерди жана материалдарды иштеп чыгуу, ошондой эле чоң маалыматтарды талдоо жана нейротармактарды өнүктүрүү сыяктуу кеңири спектрдеги маселелерди чечүү үчүн колдонулат. Белгилей кетсек, биздин өлкө суперкомпьютер менен иштөө үчүн адистерди даярдап жатат. Бул үчүн тиешелүү база түзүлдү.

Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри:

- Бул секундасына өтө чоң жана көп эсептөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген технология. Бүгүнкү күндө жасалма интеллект технологиялары дүйнө жүзү боюнча тездик менен өнүгүп жатканын билесиздер. Бул санариптештирүүнүн кийинки деңгээли. Биз казакстандык стартаптарга, өзгөчө Астана хабда катталгандарга эсептөө кубаттуулугун артыкчылыктуу түрдө беребиз. Бул алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоо чарасы катары болот. Илим коомчулугуна, илимий-изилдөө иштерине суперкомпьютер берилет, алар кандайдыр бир ачылыштарды жасап, өздөрүнүн иштеп чыгууларына патент ала алышат.

Которгон: Назира Бегалиева