Казакстанда жаңы Конституциянын жоболорун ишке ашырууга байланыштуу бир катар кадрдык дайындоолор болду. Президенттин Жарлыгы менен Асламбек Мергалиев кайрадан Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Ал бул кызматты 2022-жылдын бештин айынан бери аркалап келет. Казакстандын Элдик кеңешинин төрагасынын орун басары жана кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп Канатбек Жайсанбаев дайындалды. Ал буга чейин ээлеп келген Президенттин администрациясынын кайрылууларды кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Өлкөнүн башкы прокурору болуп Берик Асылов кайрадан дайындалды. Ал бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

